Баткен облусунун Кадамжай районундагы Халмион айыл аймагында кумар оюндарын өткөрүүчү жай табылганын 20-январда Каржы полициясынан билдиришти.
Маалым болгондой, аталган кызмат тарабынан текшерүү иштери жүргүзүлүп, натыйжада 76 оюн картасы, 90 куту жана байге үчүн коюлган 1080 сом акча алынган. Учурда кылмыш иши ачылып, тергөө иштери жүрүп жатат.