Сокулук районунда баңгизат менен 30 жаштагы адам кармалды

Сокулук районуна караштуу Военно-Антоновка айылында баңгизат менен 30 жаштагы адам кармалды. Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 20-январда билдиришкендей, аймактык милиция кызматкерлери тарабынан документтерин текшерүү максатында көчөдөн 30 жаштагы
Э.Таалайбек токтотулган.

Анын документтерин текшерүү учурунда жанынан пакетке оролгон жашыл түстөгү белгисиз зат табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында ал жалпы салмагы 30 граммды түзгөн кара куурай экени аныкталган. Учурда бул факт боюнча иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан