Абакта жаткандарга маңзат киргизүүгө аракет кылган төрт жигит кармалганын ИИМдин маалымат кызматы 20-январда билдирди.
Маалым болгондой, милицияга Москва районунун Петровка айылында 17-январь күнү болжол менен түнкү саат 22:00 чамасында №8-абакка белгисиз адамдар маңзат киргизүүгө аракет кылып жатышкандыгы тууралуу маалымат келип түшкөн.
Ыкчам иликтөө кызматкерлери №8-абагынын тосмосуна жакын жерден Хонда Инспайр үлгүсүндөгү автоунааны текшерүүгө алышып, анын жыйынтыгында Военно-Антоновка айылынын 4 тургуну (1987-жылы туулган М.Н., 1990-жылы туулган А.Н., 1990-жылы туулган Д.А., 1986-жылы туулган И.К.) колго түшкөн. Текшерүү учурунда алардын жанынан 650 граммга жакын наркотикалык зат табылган. Кармалгандар Москва райондук убактылуу кармоочу жайына жеткирилип, кылмыш иши козголду.