2015-жылы тергөө бөлүмдөрү тарабынан жалпы 23 миңден ашуун кылмыш иши козголгон

2015-жылы ички иштер органдарынын тергөө бөлүмдөрү тарабынан жалпы 23 748 кылмыш иши козголду. Көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 6 пайызга көп. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ИИМдин Тергөө башкы башкармалыгынын жетекчиси Талантбек Үмөталиев билдирди.

"Тактап айтканда, 2014-жылы 22 439 кылмыш иши козголгон. Өткөн жылы кылмыш иштеринин 71 пайызынын тергөөсү аяктап, сотко жөнөтүлгөн. Көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 3 пайызга жогорулаган. Мындай тенденция тергөө бөлүмдөрүнүн күч-аракеттери кылмыш иштеринин тергөөсүн аяктоого жумшалгандыгын далилдейт",- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Aviator
2016-01-20 12:42:37
ошондо ар бир канчанчы адамга кылыш иши козголгон. билинбей калганы канча
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан