Өспүрүмдү бычак менен коркутуп уюлдук телефонун тартып алганга шектүү жаран кармалды

Өспүрүмдү бычак менен коркутуп уюлдук телефонун тартып алганга шектүү жаран кармалды. Бул тууралуу 20-январда ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, милицияга 19-январда 34 жаштагы Т.Марина кайрылган. Ал "Ала-Тоо" аянтында 15 жаштагы уулун белгисиз адам коркутуп уюлдук телефонун тартып алгандыгын айткан. Факт боюнча жүргүзүлгөн ыкчам иликтөө иштеринин жүрүшүндө кылмыштын изи сууй электе 29 жаштагы Л.Юрий кармалган. Азыркы тапта иликтөө иштери жүрүүдө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан