Ак-Бейит ашуусу тарапта 19-январь күнү чек ара режимин бузган жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, Нарын облусунун Ат-Башы районунун Кара-Суу айылынын тургуну өздүгүн тастыктаган документи, чек ара аймагында жүрүүгө жана курал колдонууга уруксаты жок жүргөндүгү белгилүү болгон. Тийиштүү документтер чогултулгандан кийин кармалган жаран ИИМдин кызматкерлерине өткөрүлүп берилди.