Таласта милиция кызматкеринин өзүн өзү атып салуу фактысы боюнча иликтөө иштери аягына чыга элек

Талас облусунун Манас районунда иштеген милиция кызматкеринин өзүн өзү атып салуу фактысы боюнча иликтөө иштери аягына чыга элек. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ИИМдин Өздүк коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Скандарбек Көчөрбаев билдирди.

"Бул окуя боюнча тиешелүү кызматкерлердин баарына тиешелүү чаралар көрүлгөн. Учурда иликтөө иштери жана кызматтык иликтөө аягына чыга элек", - деди С.Көчөрбаев.

Эске салсак, Таласта милиция кызматкери тааныш кызына ок чыгарып, андан соң өзүн өзү атып көз жумган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан