2015-жылы кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу же кызмат абалынан аша чабуу боюнча 27, кыйноо боюнча 10 факт катталган. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда ИИМдин Өздүк коопсуздук башкы башкармалыгынын жетекчиси Скандарбек Көчөрбаев билдирди.
Анын айтымында, алдамчылык фактысы боюнча - 18, пара талап кылуу менен пара алуу - 14, документтерди кол менен жасоо жана пайдалануу - 12, кызматтык жасалмачылык менен бейбаштык - 4төн, өзүнө бекитилген мүлктү мыйзамсыз ээлеп алуу менен тоноо - 2ден жана башка кылмыштар 12ни түзгөн.
"Жүргүзүлгөн ыкчам иш-чаралардын негизинде мурда катталган жана ачылбай калган 35 кылмыштын бети ачылды, бул көрсөткүч 2014-жылга салыштырмалуу 7 эсе көп. Алардын ичинен: башка бирөөнүн мүлкүн уурдоо - 20, ИИОнун кызматкеринин катышуусу менен - 1, мал уурдоо менен тоноо - 4төн, бузукулук жай кармоо, баңгизат сактоо жана алдамчылык - 2ден, башка кылмыштар -1",- деди
С.Көчөрбаев.