Соттун чечимине макул болбогон жаран 2016-жылдын 8-январында өзүнүн күнөөсүз экенин айтып, нааразылык катары ачкачылык жарыялап, оозун тигип алды. Бул тууралуу 20-январда Акыйкатчы институтунун басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, милицияга ачкачылык жарыялаган Бишкектеги №1-абакта жаткан Т.С. аттуу жарандын жактоочусу Майрамбек Жумабеков кайрылган. Ал кылмыш иши боюнча биринчи соттук отурумду башка курамда өткөрүүгө көмөктөшүүнү суранган. Арызда Бишкек шаарынын Ленин районунун соту 2015-жылдын 2-ноябрында соттук отурумду жабырлануучунун катышуусусуз өткөрүп, өкүм чыгарганы айтылган. Жактоочунун айтымында, жабырлануучу бир да жолу соттук отурумга катышкан эмес жана 2 жолу Т.С. аттуу айыпталуучуга дооматы жоктугун билдирген арыз жазган. Сот "зордуктоо" жана "тоноочулук" беренелери боюнча күнөөлөнгөн айыпталуучуну күчөтүлгөн режимде 14 жылга эркинен ажыраткан.
Факт боюнча Акыйкатчы институтунун кызматкерлери эки ирет абакта болушуп, айыпталуучуга юридикалык кеңеш беришти.