Кара-Суу районунда 1 килограммга жакын баңгизат менен 24 жаштагы жигит кармалды

Кара-Суу райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан Нариман айыл округунда жалпы салмагы 1 килограммга жакын баңгизат менен 24 жаштагы жигит кармалды.

Аймактык ички иштер башкармалыгынан билдиришкендей, 18-январь күнү саат 21:30 чамасында ДЭУ-Матиз үлгүсүндөгү унаа токтотулган. Анын 24 жаштагы Т.Б. аттуу айдоочусунун документтерин текшерүү маалында жанынан 21,5 граммга жакын баңгизат табылган. Шектүү жарандын унаасын тинтүү маалында айдоочунун отургучунун алдынан дагы целлофан пакетине оролгон баңгизат табылган.

Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгында унаанын ичинен табылган баңгизат 930 граммды түзгөн апийим экени аныкталган. Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, айдоочу камакка алыды. Учурда иликтөө иштери улантылууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
nuriza91-90
2016-01-20 14:47:02
Жаш бала экен жон эле журсо болмок
0
AlbertEnshtein
2016-01-20 16:52:42
Кара Суу , Оштон издесе коп эле чыгат наша саткан озбектер, мурдатан ошол бизнес менен алек болгон учун кафе ресторандарды ачып, самса, пловуна наша салып оздору чогулганда чардап келишкен, зангыраган уйлору, магазиндери кантип пайда болгон болбосо.
0
Temir.WwwKG86
2016-01-20 21:34:44
Кара-Суудан кайсы оперлер капмаптыр.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан