Кытайда пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдо жарылуу болуп, 4 адам дайынсыз бойдон калууда. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда чет элдик маалымат каражаттары жазып чыгышты.
Белгилүү болгондой, Шанжо шаарындагы Цзянси провинциясында жайгашкан пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдо түнкү саат 00:30 чамасында жарылуу болуп, андан соң катуу өрт башталган. Жарылуу катуу болгондуктан, заводго жакын жайгашкан имараттардын айнектери сынып кеткен. Учурда 4 адам дайынсыз болуп, дагы 4 адам ар түрдүү жаракаттарды алганы маалымдалды. Учурда аталган заводдун жооптуу кызматкерлери камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.
Айта кетсек, 8-февралда Кытайда Жаз майрамы (Кытай Жаңы жылы) белгиленет. Ал майрамга карата аталган өлкөдө пиротехникалык каражаттарды чыгарган заводдор көбүрөөк пайда табуу максатында чыгарган продукциясынын көлөмүн көбөйтөт.
Эске салсак, өткөн жумада Кайфэн аймагында жайгашкан пиротехникалык заводдо да жарылуу болуп, анын кесепетинен 10 киши көз жумган.