Ошто Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштеринен үнөмдөлгөн акчага дагы бир чоң көпүрөнүн курулушу башталды (фото)

Ошто Исанов жана Ленин көчөлөрүн бириктирген көпүрөнүн курулуш иштери башталды. Курулуш иштери менен 20-январь күнү шаар мэри Айтмамат Кадырбаев таанышып чыкканын мэриядан билдиришти. Кадырбаев көпүрө бүтсө, шаардагы унаа тыгындары азайып, тургундарга ыңгайлуу шарттар түзүлөрүн билдирди.

Бул көпүрө Ош шаарынын Навои көчөсүндөгү көпүрөнүн курулуш иштеринен үнөмдөлгөн акча каражатынын негизинде курулуп жатат. Жолдун жалпы узундугу 0,5 чакырым, ал эми көпүрөнүн узундугу 36, туурасы 22 метрди түзөт. Курулуш мөөнөтү 1 жыл.

"Бирок биз ушул жылдын сентябрь айына бүткөрүүнү пландап жатабыз. Учурда студенттер шаарчасы аталган Түштүк-Чыгыш кичи районунан Резиденция районуна өтүү үчүн бир топ жерди айланууга туура келет. Көпүрө бүтсө, шаардын эки аймагын бириктирип, унаа тыгындары азайып, тургундарга жана студенттерге бир топ ыңгайлуу болот”,- деп билдирди Кадырбаев.

Шаар башчысы тиешелүү жетекчилерге, куруучуларга курулуштун сапатына жакшы маани берүүнү тапшырды. Жалпы сметалык баасы 73,0 миллион сомду, ал эми тендердик баасы 43,6 миллион сомду түзөт.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (22)
Wolf_ero
2016-01-20 16:38:30
Ошто копуро проблемасы эч бутпос болду да.Копуро,копуро деп эле ))
-3
AlbertEnshtein
2016-01-20 16:49:32
Онуго бер ордолуу Ош шаары! 25 жылдан бери бир жылыш жок журуп, эми эми ондолуп баратканы байкалып турат. Мен эстелик менен фантанын эсепке албадым. Жол, копуро, парк, турак жай, кыскача инфраструктурасын айтып жатам.
-1
Iliasino
2016-01-20 16:49:52
Азаматтар.
0
behappy74
2016-01-20 16:55:18
Мелис Мырзакматов болсо узуну 40 метр кылмак, августта эле бутуп салмак деген комменттер кете баштайт азыр чууруп.
-5
Adilet_adi
2016-01-20 17:07:59
Оада
-2
Taku.14.02
2016-01-20 17:22:21
беш жылдан кийин кулап калбаса эле . атак жакшы
-4
Maks_shop
2016-01-20 19:53:24
Калды дагы он жылга
0
mts0001
2016-01-20 20:54:00
эстелик менен фантанды да куруп койгонду айтсан бобосо атак акыркы эки жылдын ичинде эч кандай жылыш жок Ошингтондо
0
www.maks.aika.kg
2016-01-20 21:31:16
Копуро курулганы жакшы экен бирок кочосунунда атын озгортсо болмок кыргыз адамдын атына новои деп озбектердин окурмандарынын атын койбой
+3
memphis7
2016-01-20 23:01:02
исанованын кайсыл жеринен кесилиштиреткен
0
memphis7
2016-01-20 23:03:34
исанованын кайсыл жеринен кесилиштиреткен
0
Maks_shop
2016-01-20 23:18:25
memphis7,дагы бир жолу жазың анан айтабыз
+1
nurikzzz
2016-01-21 01:35:01
Хе хе
0
nabi89
2016-01-21 08:43:28
Кыргыз бир туугандарым ушул кочого коментари жазалычы оштогу кочолордо озбектин Аты калбасын новои деген мисалы биздеда чыган кызгыз аталарыбыз енелерибиз болгонго и бар дагы
+1
alooke
2016-01-21 09:17:10
Жакшы иш. Бирок көпүрөнү Исанов көчөсүнөн Ленин көчөсүнө чейин толук жеткирсе жакшы болмок. 36 метр болсо, дарыядан өтүп Төлөйкөн тараптагы эгин талаасынан эле бүтөт турбайбы Ленин трассасына жетпей.
0
Atai96
2016-01-22 11:35:56
Ушул копурону курганча Оштогу чон копурону реканструкцияласа жакшы болмок Чон копуро кулайын эле деп калыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан