Чүй облусунун Жайыл районунда 3 дос орус рулеткасын ойноп жатып бири өзүн өзү атып алды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG'ге Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, окуя үстүбүздөгү жылдын 16-январында аталган райондун Калинин айылында болгон. Ошол күнү үй ээси 1962-жылы туулган жаран туулган күнүн белгилеп, 2 досун чакырган. Үчөө спирт ичимдигин ичишип, тапанча менен бири-бирин башка атып ойношкон. Кезек үй ээсине келгенде ок чыгып, баш сөөгүн талкалап кеткен. Учурда жабырлануучу ооруканада.