Ошто Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо маселеси талкууланды

Ош шаарынын мэри Айтмамат Кадырбаев өкмөткө караштуу Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынын жетекчиси Рафик Мамбеталиев жана ал жетектеген делегация менен жолугушуу өткөрдү.
Баңгизаттарды көзөмөлдөө кызматынан билдиришкендей, жолугушууда аталган мекеменин кызматкерлерин турак жай менен камсыздоо, жеңилдетилген насыяларды 7 жылдык мөөнөт менен берүү сыяктуу маселелер каралды.

Андан соң Мамбеталиев өкмөттүн Ош облусундагы өкүлү Таалайбек Сарыбашов менен жолугушуп, мекеменин кызматкерлерине салынып жаткан заманбап 5 кабаттуу үйдүн курулушу менен таанышты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан