Борбор калаанын Түштүк магистралында 5-январда жол кырсыгы катталган. Анын кесепетинен жабырлануучу 10 күн жандандыруу бөлүмүндө жатып, 14-январь күнү өзүнө келбей каза тапкан. Бул факт боюнча кылмыш иши козголду. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда SUPER.KG порталына Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынан билдиришти.
Жол кырсыгына ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген (кичинекей кезинде алган эмдөөнүн кесепетинен бир колу иштебей калган) В.Колесников аттуу жарандын күнөөлүү экени белгилүү болду. Ал интернеттеги социалдык тармактардагы өздүк баракчасына: "Мени аягандарды жактырбайм. Менин көп унааларым болгон, анын экөөсү жарабай калды",- деп жазган. Акыркы жол кырсыгы тууралуу унаасын сүрөткө тартып: "Жаткан жериң жайлуу болсун, менин экинчи аялым!"- деген билдирүүсүн калтырган.
Интернеттеги маалыматтарга караганда, В.Колесников унаа жарышынын сүйүүчүсү, ал буга чейин көптөгөн жарыштарга катышып келген жана "Рецидивист" деген лакап атка ээ болгон.
"Бул факт боюнча кылмыш иши козголуп, учурда иликтөө жүрүүдө. Буга тиешелүү экспертизалар дайындалган, азырынча жыйынтыктары чыга элек",- деп билдирди Бишкек ШИИББинин басма сөз кызматынын жетекчиси Айгүл Давлетбаева.