Пакистанда университетке болгон кол салуудан көз жумгандардын саны 20дан ашты (фото)

Бүгүн, 20-январда Пакистандын түштүк-батыш тарабында жайгашкан Чарсадда шаарындагы Бача Хан университетине куралданган согушкерлердин тобу кол салды. Имараттын ичинде 3,5 миңден ашуун адам болгон. Кол салуудан каза болгондор 21ге жетсе, жаракат алгандардын саны 50гө жеткенин чет элдик маалымат каражаттары жазышууда. Каза болгондордун төртөө согушчандар.

"Окуя болгондон көп өтпөй күч органдары барып согушкерлер менен дээрлик 3 саат атышты. Алардын төртөө жок кылынды. Кол салгандар төртөө болгон деп божомолдоп жатабыз. Балким, андан дагы көп болушу мүмкүн. Университетти толугу менен курчоого алып, ичиндегилерди бошоттук",- деп билдирди “Техрик-е Талибан Пакистан” кыймылынын командири.

Алардын биринчи курмандыгы 50 жаштан ашып калган профессор болду. Профессордун окко учканына күбө болгон студент Захур Ахмед: "Агай экөөбүз залда келе жатканбыз, алдыбыздан эки куралданган адам чыгып ок чыгара баштады. Мен жашынганга үлгүрүп калдым, бирок агайга ок кандай келип тийгенин өз көзүм менен көрдүм", - деп айтып берди маалымат каражаттарына.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (8)
MIRAN
2016-01-20 17:57:24
Дуйнолук 3чу согуш болот окшойт.Кыямат кайым болот да 3 чу согуштан кийин.
-7
aastra__
2016-01-20 19:25:01
MIRAN, ойлогонунузду жаза бербениз кудайдан тилейли тынчтык болсун деп
+3
omur_1
2016-01-20 21:13:01
кудай сакта
0
www.maks.aika.kg
2016-01-20 21:24:16
Кудай сактасын андай нерседен
0
meky85
2016-01-20 22:16:18
Жаратканым тынчтык берсин
0
jorobek.kg
2016-01-20 22:38:03
Аллаху акбар
0
aika_luna
2016-01-20 22:40:37
Kudayim saktasyn,Allahym baarybyzga yiman , ynsap ber. Zamanybyz tynch bolsun, asmanybyz achyk bolsun. Allahym ozun bergen jandy ozun tynch pendeni kyinabai al, baarybyz uzaak, tynch, baktyluu turmush suroylu. Kylgan kunoolorubuzdu kechire kor, Allahym zamanybyzga tynchylyk , yiman nasip et Allahym. Bularga ne kerek ozu, tyyyynch ele jashai berishpeibi? Dinge mykaachylyk, sogush menen kirgizbeit. Biz musulmandar bashka dindegilerge jakshy jurum turum menen misal ibrat bolushubuz kerek.
0
mech91
2016-01-21 00:12:51
Ниети туура кылайлы тууган
Кудай сактасын..
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан