Ысык-Көл облусуна караштуу Чолпон айылында жалпы салмагы 10 килограммдан ашуун баңгизат менен 27 жаштагы жигит кармалды. Бул тууралуу бүгүн, 20-январда Ички иштер министрлигинен билдиришти.
Маалыматка ылайык, иликтөө иштеринин алкагында Чолпон айылынын четинен 27 жаштагы О.А. аттуу жаран кармалган. Анын жанынан чоң көлөмдөгү баңгизаттар табылган. Тиешелүү экспертизанын жыйынтыгы боюнча ал 4,845 килограмм гашиш жана 6,130 килограмм марихуана экени аныкталган.
Учурда кылмышка шектүү камакка алынып, иликтөө иштери жүрүүдө.