21-январда Ысык-Көл облусунун чыгыш тарабында кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын күтүлбөйт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде түнкүсүн жана эртең менен туман түшөт. Түндүк-батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетет.
Чүй облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -10°C
Талас облусу. Күндүз +7°C, түнкүсүн -11°C
Ош жана Жалал-Абад облустары. Күндүз +9°C, түнкүсүн -5°C
Баткен облусу. Күндүз +9°C, түнкүсүн -6°C
Ысык-Көл облусу. Күндүз +3°C, түнкүсүн -11°C
Нарын облусу. Күндүз -11°C, түнкүсүн -25°C
Бишкек шаары. Күндүз +5°C, түнкүсүн -7°C