Бүгүн, 20-январда саат 08:01де Кыргыз Республикасынын аймагында очогунда 2-2,5 баллга жеткен жер титирөө катталган. Жер титирөөнүн очогу Алай тоо кыркаларынын түштүгүндө болуп, Кара-Тейит айылынан 12 чакырым түндүк-батышты, Кара-Мык айылынан 15 чакырым түндүк-батышты карай жайгашкан.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин басма сөз кызматы алдын ала алынган маалыматтарга таянып, кыйроолор жана адам өмүрүнө зыян келбегендигин билдирди.