Өлкө аймагында 4 баллга жеткен жер титирөө катталды

Бүгүн, 21-январда Жалал-Абад облусунун аймагында жер силкинди. Сейсмология институтунан билдиришкендей, саат 04:45те жер титирөөнүн күчү очогунда 4 баллга жеткен. Жер титирөөнүн очогу Кара-Булак айылынан 5 чакырым түндүк-чыгышты карай, Эски-Массы айылынан 10 чакырым түндүк-батышты, Көк-Таш айылынан 12 чакырым түштүк-чыгышты карай, Гелеген айылынан 15 чакырым батышты карай жайгашкан.

Жер титирөөнүн күчү Кара-Булак, Эски-Массы айылдарында 3 балл, Көк-Таш, Гелеген, Алма айылдарында 2,5 баллга сезилген. Кыйроолор жана жабыркагандар жок.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Elime
2016-01-21 09:17:58
Кудай сактасын боодо кырсык, кылмыштардан.Акыркы учурларда жер титироо коп болуп жатат.Элибизде, жерибизде тынчылык болсунчу!
+4
elmurat.kg
2016-01-21 09:38:03
Кудай сактайкор.эн жаман катастрофанын бири жер титироо
+2
Aika96
2016-01-21 10:11:15
Чегинен чыгып аша-чаап кеткен аткаминерлерге, элдерге Кудай эскертуу берип жаткан сыяктуу, онолгула деп.Ханды Кудай ураарда оз элине кас болот деген соз бар эле.Бийликтегилер эске алышса кеч боло электе.
0
Inna_91
2016-01-21 18:26:18
Кудай сактасын
0
Inna_91
2016-01-21 18:26:48
О кудай сактайкор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан