ЖКнын аппаратынын жана иш башкармалыгынын кызматкерлери ишембилик өткөрдү
Жаз келип, күндүн жылышы менен айыл, шаарларда жазгы тазалоо иштери башталды. Мындай жөрөлгөнү Жогорку Кеңештин аппараты жана иш башкармалыгынын кызматкерлери да колго алып, бүгүн, 18-мартта ишембилик өткөрүштү. Иш-чарада Ак үйдүн имаратынын айланасындагы бакчалар кыштан калган таштандылардан арылып, тазаланды. Аппарат жана иш башкармалыктын бөлүмдөрүнө бөлүнгөн тийиштүү аянттар тегиз иретке келтирилди.