Ысык-Көл районундагы “Керемет суу” пансионатында 25 жаштагы жигиттин өлүмүнө шектелгендер жоопко тартылбай жатканы боюнча маркумдун жакындары 20-январда боз үй тигип, нааразылык акциясына чыгышкан. Бүгүн жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, КР Өкмөтүнүн облустагы өкүлчүлүгүнүн жана ички иштер органдарынын кызматкерлери акцияга чыккан тургундар менен жолугушуп жатышат.
Ысык-Көл райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы Мелис Абдылдаев 21-январда SUPER.KG порталына учурда абал тынч экендигин билдирди. Ал пансионаттагы окуя боюнча тергөө бүтө электигин белгилеп, маркумдун туугандары окуяга күнөөлүү делген жарандардын аталган аймакта жашоосуна каршы болуп жаткандыгын кошумчалады.
Айта кетсек, 2015-жылы 13-августта “Керемет суу” эс алуу жайынын ээси менен эс алуучулардын ортосунда төлөмдөр боюнча уруш чыккан. Анын кесепетинен Мырзажалил Тажиев каза тапкан. Мындан улам аталган жерге каза тапкан жарандын туугандары жана айыл тургундары келишип, эки кабаттуу үйдү жана 3 унааны өрттөп салышкан. Кылмышка шектүү катары “Керемет суу” эс алуу жайынын ээси Ишен Ашыров жана 4 адам кармалган.