Бүгүн, 21-январда А.Келдибековдун иши боюнча соттук отурумда парламенттин азыркы жана мурунку чакырылышындагы депутаттар сурак берип жатышат. Айрым эл өкүлдөрү келбей, алардын ордуна башка күбөлөр чакырылууда. Ага судья Ирина Воронцова нааразычылыгын билдирди. "Күбөлөрдүн тизмесиндегилер келбей жатышат, А.Салянова, Ө.Текебаев келмек, бирок алардын ордуна башка депутаттар келишүүдө" деп 5 мүнөттүк тыныгуу жарыялады.
Тыныгуудан кийин соттук отурумга күбө катары кирген Талант Мамытов: "Ал кезде Москвада биздин өлкөдөн барган эмгек мигранттарынын саны арбын болчу. Алар тарабынан көптөгөн кайрылуулар келчү. Москвадан татыктуу жашоону, тиешелүү социалдык кызматтарды алууну өтүнүшкөн. ЖКнын Москвадагы өкүлчүлүгүнүн ачылышы менен ал маселелер чечилмек",- деди.
Анын айтымында, өкүлчүлүктүн ачылышы боюнча маселе партия лидерлери тарабынан жабык режимде талкууланган.
Прокурор Талант Мамытовго тергөө амалдарында башканы айтып, азыр башка нерселерди айтып жатканын баса белгилеп: "Сиз жоопкерчиликке тартылышыңыз мүмкүн. Муну жакшы билесиз",- деди. Буга депутат: "Мен бардык нерсени эсимде сактай албайм. Сот мен азыр, ушул жерде айтып жаткан нерселерге ишениши керек!"- деп жооп кайтарды.
"Өкүлчүлүктүн ачылышы боюнча добуш берүү күнү Феликс Кулов биз муну талкуулаганбыз деп, электр жарыгы жок болуп, компьютерлер иштебей жаткандыгынан улам кол көтөрүү менен добуш берүүгө чакырган. Биз кол көтөрүү менен добуш бердик. Бул долбоордун токтому депутаттарга таратылып берилген. Ал материалсыз төрага жана депутаттар кантип добуш бермек эле? Ооба, парламент идеалдуу иш алып барган жок, бирок прокуратура бул тууралуу эч кандай билдирүү кылган эмес. Бир жылдан кийин, 2011-жылы токтом токтотулган, бирок мен анда катышкан эмесмин",- деди Т.Мамытов.