Акыркы жыл ичинде өлкөдө өспүрүмдөргө карата болгон зордук-зомбулук эки эсеге кыскарды. Бул тууралуу социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев чет элдик фонддордун биринин төрайымы менен болгон жолугушуу учурунда айтканын мекеменин маалымат кызматы таратты.
Маалыматка таянсак, өспүрүмдөргө карата болгон зордук-зомбулук боюнча 2012-жылы – 1345, 2013-жылы – 1045, 2014-жылы – 909 жана 2015-жылы 700 факт катталган.
"Учурда мамлекеттик эмес, чет элдик уюмдар зордук-зомбулукка каршы натыйжалуу иштеп жатышат" - деди Базарбаев.