Соттун чечими менен бүгүн Бишкекте 785тен ашык литр мыйзамсыз алкоголь Мамлекеттик салык кызматы тарабынан жок кылынды.
"Мындай рейддер ар дайым болуп турат. 2015-жылы 772 субъект текшерилген, анын ичинен 190у мыйзамсыз деп табылып, 27синин иши Каржы полициясына берилип, 17сине иш козголгон. Мындай рейддер жакшы натыйжа берип, мыйзам бузгандарга тиешелүү чаралар колдонулуп жатат. Бүгүн 785,7 литр жок кылынууда, бул 2014-жылы мыйзамсыз деп алынган алкоголдук ичимдиктер гана",- дейт Бишкек шаардык алкоголдук рынокту көзөмөлдөө башкармалыгынын орун басары Айгүл Закирова.
Салык кызматынын адисинин маалыматына ылайык, Кыргыз Республикасында көбүнчө арак жана коньяктарды жасалмалашат. Ал эми мыйзам бузган субъекттерге тиешелүү жазаны сот чыгарат. Мыйзамсыз алкоголь шаардын борбордук канализациясына төгүлдү.