Чолпон-Ата шаарына Алыкул Осмонов атындагы сейил бак курулат

Алыкул Осмоновдун 100 жылдык мааракесине карата Ысык-Көл районунун акими Райымбек Имангазиев

Чолпон-Ата шаарына сейил бак куруу максатында каражат бөлүүнү пландоодо. Бул тууралуу 18-мартта Ысык-Көл облусунун Чолпон-Ата шаарындагы А.Осмонов атындагы окуу-тарбия комплексинин мугалими, тарыхчы Динара Жумакадырова билдирди. Анын айтымында, аталган комплекстин класстарынын бирине акынга арналып музей ачылган. Учурда А.Осмоновдун 100 жылдык мааракесин өткөрүүгө кызуу даярдык көрүлүүдө. “Мааракеге карата биздин шаарда тиешелүү даярдыктар жүрүүдө. Алыкулдай бир дагы акын көлдүн сулуулугун көрсөткөн эмес. Ошондуктан акындын эстелигин көлгө орнотсок абдан жакшы болот эле”,- деди ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан