19-мартта өлкөнүн айрым жерлеринде жаан-чачын болушу күтүлөт. Чүй, Талас, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын кээ бир райондорунда туман түшөт. Тоолуу аймактардагы унаа жолдору тайгак болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 4-9 метрге чейин жетет. Ал эми өлкө боюнча күтүлгөн абанын температурасы төмөндөгүдөй:
Чүй облусунда күндүз +9...+14 °C, түнкүсүн 0...+5 °C
Талас облусунда күндүз +9...+14 °C, түнкүсүн 0...+5 °C
Ош жана Жалал-Абад облустарында күндүз +11...+16 °C, түнкүсүн -1...+4 °C
Баткен облусунда күндүз +10...+15 °C, түнкүсүн 0...+5 °C
Ысык-Көл облусунда күндүз +6...+11 °C, түнкүсүн -3...+2 °C
Нарын облусунда күндүз +5...+10°C, түнкүсүн 0...-5°C
Бишкек шаарында күндүз +10...+12°C, түнкүсүн 0...+2°C Борбор шаарда жаан-чачын күтүлөт.