2016-жылдын 21-январында КМШга мүчө мамлекеттердин Терроризмге каршы борбору эксперттик жолугушууларды өткөрдү. Анда кыргыз жериндеги коопсуздук органдарынын жана атайын кызматтардын, укук коргоо жана жазык-аткаруу органдарынын кызматкерлерине диний радикалдуулукту эскертүү жана пенитенциардык мекемелеринде реабилитациялык иштердин усулдук көйгөйлөрү талкууланды. Бул тууралуу УКМКнын басма сөз кызматы билдирди.
Ага Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Кыргыз Республикасынын, Борбордук Азия региону боюнча КМШнын Терроризмге каршы борборунун бөлүмү, Борбордук Азия регионунун КМШ мамлекеттеринин улуттук профилактикалык жана реабилитациялык борборлорунун өкүлдөрү жана динди изилдөө жаатындагы эксперттер катышышты.
Терроризм жана экстремизм боюнча соттолгондорду оң жолго салуу, ошондой эле алардын кийин экстремисттик жана террористтик ишмердүүлүгүн алдын алуу максатында реабилитациялык иштерди жүргүзүү маселелери каралды. Ошондой эле укук коргоо органдары тарабынан өзгөчө көңүл буруусу талап кылынды.