Бишкек шаарында жана Чүй облусунун айрым айылдарында электр жарыгы өчүрүлөт

Бүгүн, 19-мартта саат 9:00дөн 17:00гө чейин Бишкек шаарында жана Чүй облусунун бир катар айылдарында электр энергиясы өчүрүлөт. Бул тууралуу “Түндүк электр” ишканасынын басма сөз кызматы билдирди. Бул аралыкта Бишкектеги Великолукский, Свободная, Хмельницский, Кара-Көл, Кулатов, Средний, Пишпек, Дэн-Сояпин, Казаков көчөлөрүндө, Көлмө конушунун Ай-Көл, Козу-Баглан көчөлөрүндө электр жарыгы болбойт. Ошондой эле Сокулук районундагы Жал, Сарбан, Чоң-Жар, Кичи Шалта айылдарында, Кара-Балта шаарынын Тельман, Т.Молдо, К.Маркс көчөлөрүндө жана Кызыл-Дыйкан, Сары-Булак айылдарында, Аламүдүн районуна караштуу Лебединовка, Восток айылында да электр жарыгын берүү чектелет. Бул чектөөлөр тийиштүү жабдыктарды оңдоо иштерине байланыштуу болмокчу.

 

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан