Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районунда айылдар арасында көк бөрү боюнча мелдеш өттү. Бул тууралуу окурман SUPER.KG порталына бүгүн WhatsApp аркылуу билдирди. Анын айтымында, мелдеш Боз-Булуң айылында өтүп, аталган айылдан башка Сары-Көл, Бөрү-Баш, Жол-Колот, Челпек жана дагы башка айылдар да катышышты.
"Оюн кызыктуу болду. Биринчиликти өз чеберчилигин көрсөтүп Жол-Колоттун оюнчулары алып кетишти. Экинчини Бөрү-Баш жана үчүнчү орунду Боз-Булуң айылы алды. Ал эми Сары-Көл жана Челпек айылдарынын мыкты оюнчулары диплом менен сыйланышты",- дейт окурман.
Урматтуу окурман, эгер сиз да ушул сыяктуу турмуштагы өзгөчө көрүнүшкө, коомдогу маданий, спорттук иш-чарага, жаратылыш кубулуштарына, жол кырсыгына, акция же митингдерге күбө болсоңуз, тезинен сүрөткө, видеого тартып, дүйнө жүзү менен бөлүшүңүз. Интернет ааламы, тагыраак айтканда, SUPER.KG жаңылыгыңызды заматта өлкөбүзгө, Жер жүзүндөгү мекендештерге жеткирет. Алар көрүп, окуп, сиздин кабарыңызга үн кошушат.
Сиз жаңылыкты кыскача баяндап Telegram же WhatsApp аркылуу +996 779 47-39-39 номерине жибериңиз. Ушул эле кызмат (приложение) аркылуу кабардын аудиосун, видеосун, сүрөтүн да жөнөтсөӊүз болот. Кабар саналуу мүнөттөрдүн ичинде порталыбыздын "Соңку кабар" бөлүмүнө чыгат.