Көзү азиздер үчүн "Жамийла" повести даярдалып чыгат
Кыргызстанда
улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Жамийла" повести атайын көзү азиздер үчүн даярдалып чыгат. Бул тууралуу депутат Дастан Бекешев өзүнүн интернет
баракчасына жарыялады. “Брайль тамгасында жазылган китептердин топтому абдан татаал
жана көп эмгекти талап кылуучу процесс. Ошондуктан 1-сентябрга карата “Жамийла”
повестин кыргыз тилинде чыгарууну пландоодобуз”,- дейт депутат.
Эгерде жетиштүү каражат топтолсо, повестти орус тилинде
да басып чыгарууга мүмкүн экендигин айтат ал. Бул повесттерди чыгаруу үчүн 1000
доллар керек жана нускасы 10-15 даана болмокчу.