* Мындан 22 жыл мурун, 1994-жылы "Кыргызстан - жалпыбыздын үйүбүз" аттуу ураан Кыргыз Республикасынын калктарынын I Курултайында кабыл алынган. Курултайда өлкөбүздө жашаган калктардын көйгөйү козголуп, этникалык топтор арасындагы ынтымак-ырашкерчиликти арттыруу керектиги белгиленген. Курултай соңунда Кыргызстан калктарынын ассамблеясы уюштурулуп, анын жетекчилигине таанымал саясий жана коомдук ишмер С.Бегалиев шайланган. Аталган ассамблеяга Славяндар фонду, ахысхалык "Астүрк", корейлердин "Чинсон", уйгурлардын "Иттипак", өзбектердин "Орзу", немецтердин "Фольстрат", күрддөрдүн "Ныштиман", дунгандардын ассоциациялары, татар-башкыр калктарынын "Туган тел" маданий борбору, еврейлердин "Менора" маданият коому кирген.
* Мындан 15 жыл мурун, 2001-жылы “Ар-намыс” партиясынын лидери, 4-5-чакырылыштагы ЖКнын депутаты Феликс Кулов “кызмат абалынан кыянаттык менен пайдаланган” деген берене боюнча 7 жылга эркинен ажыратылган. 2005-жылы 24-мартта элдик толкундоолордун натыйжасында ошол убактагы бийлик кулатылганда Кулов түрмөдөн чыгарылган.
* Мындан 11 жыл мурун, 2005-жылы мексикалык пианист, композитор, дүйнөгө белгилүү “Besame mucho” (“Өпчү мени”) ырынын автору Консуэло Веласкес Торрес жүрөк оорусунан улам каза болгон.
Консуэло Веласкес 2004-жылы кокустан жыгылып кетип үч кабыргасын сындырып алып, жүрөгүнө доо кеткен. Ошол кырсык музыкант айымды өлүмгө алып келген.
Консуэло Веласкестин белгилүү “Besame mucho” ыры автор тарабынан 1941-жылы 16 жашында жазылган. Ал эми 1944-жылы бул ыр Нью-Йорктогу хит-парадда жеңип чыккан эң алгачкы мексикалык ыр болгон. Андан соң ал ыр бүтүндөй АКШ, Европа, Азия жана Латын Америкасына тарап, хитке айланган.
22-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.