18-мартта Бишкектеги Кожомкул атындагы Спорт Ордосунда “Нооруз-2013” аталышында баскетбол боюнча эл аралык мелдеш башталды. Спорттук иш-чаранын биринчи күнүндө Кыргызстандын курама командасы казакстандык "Капшагай" командасынан 90:81 эсебинде утулду. Бул мелдеш 22-мартта соңуна чыгат.