Орусияда сентябрь айынан бери изделип жаткан жигит Чүйдөн табылды

Ички иштер министрлигинин Кылмышкерлерди издөө башкармалыгынын ыкчам изилдөө тобу Орусияда жоголгон 19 жаштагы жигитти Чүй облусундагы айылдардын биринен тапты. ИИМдин маалымат кызматынан билдиришкендей, 2015-жылдын сентябрь айында Саха (Якутия) Республикасынын жараны өлкөнүн Мирнинский районунун полиция кызматкерлерине кайрылып, 1997-жылы туулган Ж.Бекбосун аттуу баласы дайынсыз жоголгонун айтып, таап берүүсүн суранган.

8-сентябрь күнү издөө иштери башталып, Мирнинский районунун полиция кызматкерлери КРнын Ички иштер министрлигине кат жөнөтүп, Бекбосун 2015-жылдын сентябрь айына чейин Мирнинский районунда жашап, башка үй-бүлөсү бар атасына барып, ал жактан чыгып, дайынсыз жоголгондугу тууралуу кабарлашкан. ИИМдин тиешелүү тобу Талас облусуна барып, ал жакта жашаган Бекбосундун туугандарынан, тааныштарынан сураштырганда эч кандай жыйынтык чыккан эмес. Издөө иштери Чүй облусунда улантылып, Бекбосун табылып, Орусияга кабар берилди.
"Ден соолугу жакшы экен. Жергиликтүү мектепте окуп жатыптыр. Эмне себептен атасына билдирбей Орусиядан кетип калгандыгы тууралуу айткан жок", - деп айтылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
Inna_91
2016-01-22 12:03:09
Башы каттык окшойта болор бала богунан деп бекер айтылбаса керек
+2
saru
2016-01-22 13:47:58
Тан калыштуу чек арадан откондор боюнча тизмеден карашса болмок экен.Кудайга шугур аман экен
0
Rifle_2
2016-01-22 14:05:59
Баардык мекемелер синхронно иштесе, издөө жарыяланбайт эле.
Анан да окуучу баланы чек арадан кантип өткөрдү экен ?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан