17-январда Боом капчыгайында биринин артынан бири сүзүшкөн унаалардын дөңгөлөктөрү жайкы болгон. Бул тууралуу бүгүн, 22-январда Бишкек-Торугарт автоунаа жолунун директору Керимкул Бозалаев билдирди.
"17-январда эртең менен саат 06:00 чамасында Бишкек-Торугарт жолунун 115-130-чакырымдарына Кеминдеги №32-жол тейлөө ишканасы тарабынан 2 унаа кум менен туз аралашмасы төгүлгөн. Ал күнү кар аралаш жаан жаагандыктан, жол тайгалак болгон. Ошол эле күнү саат 13:30дарда 5 унаа сүзүшкөн.
Мамлекеттик автоинспекциянын маалыматы боюнча, ал унаалардын бир нечесинин дөңгөлөктөрү жайкы экен. Азыр бул кырсыкка байланыштуу Транспорт министрлигинин алдындагы Жол чарба башкармалыгында түзүлгөн комиссия тарабынан кызматтык иликтөөлөр жүргүзүлүп жатат",- дейт Керимкул Бозалаев.