Ош шаарындагы аялдамада сынган айнекти алмаштыруу бөлүнө турган каражаттан көз каранды экенин Муниципалдык менчик башкармалыгынын жарнак бөлүмүнүн башчысы Нурбек Азимбеков SUPER.KG порталына кабарлады.
"Ош шаары боюнча түрк ыкмасы менен салынган 12 аялдама бар. Бул аялдама да ошол ыкма менен салынган. Айнектин сынышынын эки божомолу бар. Ар бир түркүктүн ортосунда өзгөчө катырылган айнектер жайгашкан. Ал айнекти кармап турган тирөөчтөрдүн алюминий менен жасалган элементтери да бар. Ошол элементтер айнекти кармай албай сынып, аны менен кошо айнектер да сынган учурларды каттап жатабыз. Кээде аялдамада турган адамдар атайылап сындырган учурлар да кездешип жатат. Андай учурларда биз акт түзүп, тиешелүү органдарга жөнөтөбүз.
Ал эми бул аялдамадагы айнек эмне себептен сынганы тууралуу изилдөө иштери жүрүп жатат. Адамдар тарабынан сындырылган болсо, сөзсүз чара көрүлөт. Айта кетчү нерсе, айнектер Түркияда жасалган, ден соолукка коркунуч жаратпайт, себеби бир аз титиресе эле майдаланып кетет. Эми бул айнек алмаштырылабы же жокпу, ал ушул жылга бөлүнө турган каражаттан көз каранды",- дейт Нурбек Азимбеков.