21-март - Эл аралык токой күнүнө карата Сокулук районундагы Жал айылына бак-дарактардын көчөттөрү отургузулат. Бул тууралуу “Кыргызстандын климаттык тору” коомдук уюму билдирди. Тактап айтканда, 23-март күнү “Дарак отургузуп, келечегиңдин негизин кур” аттуу акция өткөрүлөт. Иш-чаранын алкагында Сокулук районунун Жал айылына 300 көчөт отургузулмакчы. Бул ишке Орок айылдык фондунун кызматкерлери жана мектеп окуучулары көмөктөшөт. Жардам көрсөтүүнү каалаган жарандар келип катышса болот.