"ЭЛДИК КАБАРга" жооп: Ош шаарындагы унаа жуучу жайдагы туу алынды

Ош шаарындагы унаа жуучу жайдагы туу алынып, Улуттук банктын имаратынын жанындагы туу айрылбай эле шамалдан сабына илинип калганын Ош шаарынын мэриясынын аймактык кеңештердин иштерин координациялоо боюнча адистер тобунун жетектөөчү адиси Абдымомун Багышов SUPER.KG порталына билдирди.

"Осмонов көчөсүндөгү унаа жуучу жайдын кызматкерлерине Кварталдык комитет барып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп, тууну алдырышты. Ал эми Улуттук банктын имаратындагы туу айрылбаптыр. Туу шамалдан сабына илинип, жарымы жоктой көрүнүп калыптыр. Аны түшүрүп, оңдоп кайра илишти",- дейт Абдымомун Багышов.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Inna_91
2016-01-22 16:13:06
Ваув алындывы алынбай эле тура берсе эмне болмок
+1
mr.cana
2016-01-22 16:51:46
Кыргыз Республикасынын "Кыргыз Республикасынын мамлекеттик символдору жөнүндөгү" мыйзамынын
5-статьясын толугурак түшүндүрүп койгулачы? Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик туусу коомдук бирикмелердин, менчигинин түрүнө карабастан ишканалардын, мекемелердин жана уюмдардын имараттарына (болбосо мачталарга, флагштокторго), ошондой эле Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген майрам күндөрү жайларда, турак үйлөрдө, транспорт каражаттарында спорттук, коомдук жана салтанаттуу
+1
mr.cana
2016-01-22 16:53:28
иш-чараларды өткөрүү учурунда алардын ээлеринин каалоосу боюнча илинет. делгээн. Демек майрам күндөрү кайра ошол эле автоунаа жуучу жайга кайра илсе болобу?
+1
Arslan12
2016-01-22 18:05:44
Майрам кундору илсе болот
0
EAmirbek
2016-01-22 21:14:06
Ишене тургандай актанса болмок
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан