Талас облустук музыкалык драма театры быйыл Тарых жана маданият жылынын алкагында салынып бүтөрүн КРнын Өкмөтүнүн Талас облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлчүлүгүнүн регионду өнүктүрүү бөлүмүнүн башчысы Казбек Медетбеков SUPER.KG порталына билдирди.
"Бул имарат 2008-жылдан бери курулуп жатат. Мамлекеттин эсебинен курулуп жаткандыктан, республикалык бюджеттин көлөмүнө ылайык жыл сайын акча каражаты бөлүнүп келет. Быйыл биз өкмөткө, премьер-министрге, президентке кайрылдык. Натыйжада өкүлчүлүктүн жана губернатордун кайрылуусунун негизинде, Тарых жана маданият жылынын алкагында быйыл 80 миллион сом бөлүнөрү күтүлүүдө. Бөлүнсө курулуш иштери бүтүп, театр ишке берилет",- дейт Казбек Медетбеков.
Эскерте кетсек, бул тууралуу окурман кечээ, 21-январда WhatsApp аркылуу кайрылган.