Ноокат районундагы Насирдин Исанов айылында жол тосуу болгон жок. Бул тууралуу КРнын Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматкери Жумамидин Сулайманкулов SUPER.KG порталына билдирди.
"Насирдин Исанов айылында жол тосуу болгон эмес. Аталган айылдын тургундары 17-январда райондук бийликке кат жолдошкон. Катта "Биздин жолдордогу көпүрө 40-50 тоннага чейинки гана унаалардын өтүү талабына жооп берет. Кичи-Алайдан ташылып жаткан көмүрлөрдүн салмагы 70-80 тоннага барабар, биздин жолдор бузулуп жатат" дешкен.
Район акими 18-январда Транспорт агенттигинен мыйзамдарды топтоп, тургундарга жана айыл өкмөтүнө 5 тоннадан ашык жүк жүктөгөн унаалардын жүрүшү мүмкүн эместигин билдирип жооп кайтарган. Бүгүн айыл өкмөтү жана анын кызматкери айылдык милиция инспектору менен биргеликте 5 тоннадан ашык жүк ташыган унааларды токтотуп, айдоочуларга акыркы эскертүү берип жөнөтүшкөн. Азыр айылда абал тынч",- дейт Жумамидин Сулайманкулов.
Эске салсак, бүгүн окурман WhatsApp аркылуу Насирдин Исанов айылында тургундар жол тосушканын билдирген эле.