* Мындан 3 жыл мурун, 2013-жылы белгилүү композитор Тарас Асанакунов 52 жаш курагында жүрөк оорусунан улам дүйнө салган.
Тарас Асанакунов Айчүрөк Иманалиева аткарып жүргөн "Кызыл гүл", "Ак куу белең, айперим?", "Тоо булагым – арманым", Алина Жетигенованын аткаруусундагы "Кыздын сыры", "Арген" сыяктуу бир топ ырларды жаратып, кыргыз эстрадасынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон. Өзүнүн 35 жылдык чыгармачылык жолунда баш-аягы 50гө жакын обондуу ырларды жаратканы белгилүү.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы эл аралык издөөдө жүргөн 45 жаштагы Михаил Надель үй-бүлөсү менен Валь-Гарденде эс алып жүргөндө кармалган. Михаил Наделге 2010-жылы издөө жарыяланган. Ага "Азия универсал банктын" 35 миллион долларын мыйзамсыз ээлеп алган" деген айып тагылган.
1998-жылдан 2010-жылга чейин М.Надель банктын Директорлор кеңешинин төрагасы болгон. 2010-жылы банктын ишмердүүлүгүн текшерүүдөн кийин ал кыргыз соттору тарабынан “алдамчылык” жана “акчаларды мыйзамсыз алуу” фактылары боюнча күнөөлүү деп табылып, 16 жылга сыртынан соттолгон.
* Мындан 51 жыл мурун, 1965-жылы журналист, публицист, жазуучу, сүрөтчү, коомдук ишмер, мыйзамчы, Англиянын эки жолку өкмөт башчысы, адабият тармагында "Нобель" сыйлыгынын ээси Уинстон Леонард Спенсер Черчилль көз жумган.
Уинстон Черчилль 1874-жылы 30-ноябрда Англиянын Бленхейм ак сарайында туулган.
Тарыхта Черчилль өтө оор кырдаалда - Экинчи дүйнөлүк согуш маалында (1940-1945-жылдары) Улуу Британиянын өкмөт башчысы болуп, фашисттик Германияга каршы күрөштү эл аралык деңгээлде уюштурууга салым кошкон мамлекеттик ишмер катары өзгөчө орун ээлеп калган.
24-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.