* Мындан 26 жыл мурун, 1990-жылы "Супер-Инфо" гезитинин тандоосу боюнча "2012-жылдын супер актрисасы" деп табылган Марал Койчукараева Ош шаарында туулган.
Кыргыз-Түрк "Манас" университетине врач-ветеринар адистиги боюнча тапшырып, аны менен катар кыргыз режиссёру Нурбек Эгендин "Ээнсиреген үй" тасмасында Асел аттуу кыздын ролун жараткан. Марал Койчукараева ошол Аселдин ролу аркылуу көпчүлүккө таанылган.
* Мындан 2 жыл мурун, 2014-жылы "2013-жыл - Иштерман жылында" артыкчылык көрсөткөн кызматкерлерге мамлекеттик сыйлыктарды тапшыруу салтанаты болуп өткөн. Салтанаттын жүрүшүндө оор атлетика боюнча “Москва-1980” Олимпиадасынын чемпиону Каныбек Осмоналиев спорттун өнүгүшүнө жана келечек муунду тарбиялоого салым кошкондугу үчүн I даражадагы Манас ордени менен сыйланган.
* Мындан 111 жыл мурун, 1905-жылы 3106,75 караттан турган эң чоң алмаз Түштүк Африкада "Premier Mine" шахтасында табылган. Адистердин божомолдоруна караганда, ал чоң кристаллдын сыныгы болгон. Табылган алмаз кендин кожоюну деп эсептелген Томаса Куллинандын атынан “Куллинан” деп аталып калган.
* Мындан 78 жыл мурун, 1938-жылы белгилүү советтик акын, актёр, өзү жараткан ырлардын аткаруучусу, прозалык чыгармалардын автору Владимир Высоцкий Москвада төрөлгөн. Высоцкий таланттуу артист эле эмес, советтик режимдин ачык сынчыларынын бири болгон. Ошол режимден запкы көргөн бүтүндөй бир муундун сезимдерин күчтүү, кээде какшык менен жазылган ырлары аркылуу көрсөткөн. Өмүр жолу оору, ичимдик, баңгизаттар менен коштолгону көп айтылган 42 жаштагы ырчы-актёрдун (1980-жылы 22-июль) өлүмү жөнүндө табышмактуу ой-жоромолдор азыркыга чейин айтылып жүрөт. Расмий түрдө ырчы уйкуда жүрөгү кармап көз жумган деп айтылган.
25-январда Кыргыз Республикасында жана дүйнөдө орун алган окуялар тууралуу кененирээк бул жактан окуй аласыздар.