Бишкек шаардык мусулмандар казыяты Памирде жашаган этникалык кыргыздарга жардам берүү максатында кайрымдуулук иш-чарасын баштады. Бул тууралуу 23-январда казыяттын басма сөз кызматы билдирди.
Бишкек шаарынын казысы Садридин ажы Мажитов борбор калаадагы бардык мечиттердин имамдарына бул иш боюнча тиешелүү тапшырмаларды берди. “Бир тууган боордошторубузга колдон келген жардамыбызды аябашыбыз керек. Жардам берүүнү каалагандар акчалай, кийим-кече же болбосо тамак-аш түрүндө да беришсе болот”,- деди шаар казысы.
Бүгүндөн баштап ар бир мечитте түшүндүрүү иштери жүрүп, атайын комиссиялык топ элден келип түшкөн жардамдарды топтой баштамакчы.