Өткөн жылы бийик тоолуу райондордун калкына электр энергиясына компенсация төлөп берүүгө 120,3 миллион сом бөлүнгөн

2015-жылы күз-кыш мезгилине даярдануу боюнча иш-чараларды каржылоого республикалык бюджеттен 4 миллиард 973,1 миллион сом бөлүндү.

Каржы министрлиги көрсөтүлгөн суммадан жылуулук энергиясын субсидиялоого 1 миллиард 722,2 миллион сом бөлгөн, анын ичинде "Кыргызжилкоммунсоюз" мамлекеттик ишканасына 1 миллиард 617,2 миллион сом, "Ош ЖЖИ" муниципалдык ишканасына 105 миллион сом бөлүп берген.

Көрсөтүлгөн мезгилде бюджеттик ссудалардын жалпы көлөмү 1 миллиард 669,9 миллион сомду түздү.

Бюджеттик уюмдардын жылуулук, электр энергиясынын жана жаратылыш газынын акысына сарптаган чыгымдары 1 миллиард 106,6 миллион сом болду.

Республикалык бюджеттин көмүрдү жана отундун башка түрлөрүн камдоого сарптаган жалпы чыгымдары 207,4 миллион сомду түздү, анын ичинде республикалык бюджеттен каржыланган уюмдар үчүн көмүр камдоого 176,2 миллион сом, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары үчүн көмүр камдоого 31,2 миллион сом жумшалды.

Республиканын бийик тоолуу райондорунун калкына электр энергиясына компенсация төлөп берүүгө 120,3 миллион сом бөлүндү.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Parish
2016-01-23 14:41:08
Ошондо бир уйго канча сомго
чейин женилдик берилет?
Ушул жагын жазып койсо.
0
Rifle_2
2016-01-23 16:30:15
Жашаганыма 5 ай болду. Айтып жатышат, 70тыйындык порог 1000 киловат деп. Бирок так билбейм. Биздин электр энергияга болгон чыгашабызды Швецария камсыздайт.
0
Rifle_2
2016-01-23 16:27:13
Мурун айта берет элем, неге аларга эле бөлө берет деп. Азыр Атбашыда иштеп жатам, мин.здравтын буйругу менен.
Суугу жанга тийди. Демим кысылып, бир аз физ.нагрузка кылсам энтигип калып жатам. Сатурация 85-90%, Hb-159. Буттарым ооруй баштады, эми эртерээк кетүүнүн жолун ойлоп жатам. Жергиликтүү эл адаптация болуп калыптыр.
0
Rifle_2
2016-01-23 16:28:55
Азыр айлыктарга 1.1 коэфициент болсо, кетип Аксыга барып эле иштейм Кудай буйруса. Ансыз да депозит төлөй элек, мин.здрав алдамчы экен.
0
Ryskeld
2016-01-24 00:29:36
даа свет бир кундо кымбаттайт 1 жылда да арзандабайт. молодец биздин чондор
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан