9-апрелде Милдеттүү медициналык камсыздандыруу фонду "Тез жардам" унааларын сатып алууга тендер жарыялайт. Бул тууралуу аталган фонддун басма сөз кызматы билдирди. Биринчи бөлүктө жалпы суммасы 18,6 миллион сомдук медициналык жабдыктар, экинчи бөлүктө 62 "Тез жардам" унаасы алынат. Алардын ар биринин баасы 1 миллион 54 800 сомду түзүп, жалпы суммасы 64 миллион 397 800 сом болмокчу.