120 миң сомдук каймак майды аткезчилик менен чек арадан алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды

"Кең-Булуң унаа жолу" көзөмөл-өткөрүү бекетинде чек арадан жүктү аткезчилик жолу менен алып өтүүгө аракеттенген жаран кармалды. Бул тууралуу Чек ара кызматынан 25-январда билдиришти.

Маалыматка караганда, Кыргыз Республикасынын жараны КамАЗ 53212 үлгүсүндөгү унаасында Казакстандан 16 тонна каймак майды уруксат берчү документсиз өткөрүүгө аракет кылган. Аткезчилик делген жүктүн суммасы 120 000 сомго барабар болгон. Тийиштүү документтер чогултулгандан кийин кармалган жаран Чүй облусу боюнча экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү кызматына өткөрүлүп берилди.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан