21-мартта борбор шаардагы "Ала-Тоо" аянтында майрамдык концерт болот

Бишкекте Нооруз майрамын белгилөөгө 400 миң сом бөлүндү. Бул тууралуу бүгүн, 19-мартта вице-мэр Айгүл Усубакунова билдирди. Айтымында, бул каражат шаарды жасалгалап, майрамдык иш-чараларды уюштурууга сарпталат. 21-март күнү күндүз президент Алмазбек Атамбаевдин катышуусу менен Улуттук филармонияда концерт болот. Ошондой эле борбордук Ала-Тоо аянтында саат 14:00дө чоң программадагы концерт тартууланат. “Эски аянт менен сейил бактарда спорт оюндары, көңүл ачуучу иш-чаралар уюштурулат. Ошондой эле бул жылы жаңы конуштардын тургундарын да майрамдык кечеге тартуу каралууда”,- деди вице-мэр.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан