Борбордо алдамчылык жолу менен 147 миң доллардан ашуун акча каражатты алып, изин суутуп кеткен жаран кармалды. Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынан бүгүн, 25-январда билдиришкендей, милицияга арыз менен шаардын тургуну кайрылган.
Анда ал анын Вадим аттуу чала таанышы жаңы салынып жаткан үйлөрдүн биринен батирдин документтерин бүтүрүп берүү убадасы менен 88 миң доллар акчасын алып, изин суутуп кеткенин айткан. Ушундай эле арыздар менен милицияга дагы 2 жаран кайрылган. Аларга келтирилген жалпы чыгымдын суммасы 59 500 долларды түзгөн.
Жүргүзүлгөн иликтөө иштеринин алкагында кылмышка шектүү катары 43 жаштагы М.Вадим аттуу шаардын тургуну кармалды. Учурда бул фактылар боюнча тергөө амалдары жүрүүдө.