2013-жылы Ош шаарында 2 бала бакча жана 1 мектеп курулат. Учурда бала бакчаларды куруу иштери башталганын Ош шаардык мэриясынын басма сөз кызматы билдирди.
Ошондой эле окуучулардын саны өсүп жаткандыктан, шаардагы 5 мектепте калыбына келтирүү иштери жүргүзүлөт.
Айта кетсек, учурда Ош шаарында мектепке чейинки билим берүүчү 30 мекеме иштейт, андагы ар бир тайпада 40 бала тарбияланууда.