Чүй облусунун аймагында катталган жол кырсыктарынан 1 адам набыт болуп, 3 адам жабыркады. Бул тууралуу 25-январда Чүй ОИИББинин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, 23-январда саат 03:30 чамасында Кара-Балта шаарында Ниссан Блюберд унаасын 1997-жылы туулган Т.А. айдап бара жаткан. Ал рулду башкара албай калып жол чыракты сүзгөн. Кырсыктан 2 жүргүнчү жабыркап, ооруканага жаткырылды.
Ошол эле күнү саат 14:50дө Бишкек-Чалдыбар жолунун 89-чакырымында Фольксваген Пассат унаасынын айдоочусу солго бурулам деп артында келе жаткан Тойота Харриер менен кагылышып кеткен. Экинчи унаанын айдоочусу жолдон чыгып, даракты сүзүп алган. Ал ооруканага жеткирилип, эки унаа тең айып пул төлөөчү жайга токтотулду.
22-январда Дмитриевка айылында 1982-жылы туулган Ш.Д. Тойота Авенсис унаасын айдап бара жатып жөө жүрүүчүнү сүзүп кеткен. Алган жаракатынан жөө жүрүүчү ошол жерден жан берген. Учурда иликтөө иштери жүрүүдө.